ДССУнун башчысы: Коронавирустан арылуу мүмкүн эмес

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус коронавирусту биротоло жок кыла турган дары жок экенин билдирди.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “Reuters” агенттигине шилтеме берип жазды. Гебрейесустун айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөдө коронавирусту биротоло жок кыла турган дары жок. Ошол эле учурда, ал мындай “күмүш ок” таптакыр, эч качан пайда болбошу мүмкүн экендигин кошумчалады.

Ал вакцина жардам берет деген чоң үмүттөргө карабастан, вирустан биротоло кутулуу мүмкүн эмес экенин билдирди. Анын айтымында, учурда COVID-19га каршы бир нече вакцина сыноонун үчүнчү баскычынан өтүп жатат. ДССУнун башчысы ошондой эле бардык өлкөлөрдү саламаттыкты сактоо боюнча бардык чараларды катуу сактоого чакырып, жарандарды беткап тагынууга үндөдү, ал Гебрейесустун айтымында, дүйнө жүзү боюнча тилектештиктин символу болушу керек.

ДССУнун башчысы мындан мурдараак коронавирус пандемиясы узакка созулуп, анын кесепеттери жакынкы ондогон жылдар бою сезилиши мүмкүн экенин билдирген.

Комментарий жиберүү