Орусия: Биз АКШнын ракеталык коркунучун этибарга албай кое албайбыз

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, Москва АКШнын ага каршы ракеталык коркунучтарынын пайда болушун көз жаздымда калтырбасын айтты.

«Mehr News» агенттиги “ТАСС” агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүүсүндө АКШнын кыска аралыкка жана орто аралыкка учуучу ракеталарынын дүйнөнүн ар кайсы бурчуна жайгаштырышын чагымчылдык деп атаганын билдирди.

Министрлик Америка Кошмо Штаттарынын “Орто аралыктагы өзөктүк ракеталарга тыюу салуу жөнүндө келишимден” чыгышына байланыштуу жарыяланган бул билдирүүдө, “Дүйнөдө АКШнын кыска аралыкка жана орто аралыкка учуучу ракеталарынын жайгаштырылышы региондун жана дүйнөнүн коопсуздугуна олуттуу зыян келтирери жана курал жарышынын кооптуу жаңы этабын жаратары анык”, – деп жазган.

Билдирүүдө Орусия өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон өз аймагына каршы ракеталык коркунучтардын пайда болушун көз жаздымда калтыра албай тургандыгы баса белгиленген.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, өлкөсүнүн ишенимди калыбына келтирүүгө жана эл аралык коопсуздукту жана стратегиялык туруктуулукту бекемдөөгө даяр экенин билдирүү менен, Америка Кошмо Штаттары дагы ушундай кызыкчылыкты жана жоопкерчилик сезимин көрсөтөт деп үмүттөнөрүн баса белгиледи.

Комментарий жиберүү