ХАМАС сионисттик режимдин Кудста 1000 турак үй куруу чечимине байланыштуу билдирди

Сионисттик режим басып алган Кудста 1000 турак үй куруу чечиминен кийин, Хамастын өкүлү Фавзи Бархам маалымат жыйынында сионисттик саясат Палестина элинин укуктарына чоң коркунуч экенин айтты.

IQNA агенттигинин маалыматына ылайык,  ХАМАСтын басма сөз катчысы Фавзи Бархам маалымат жыйынында Израилдин баскынчыларынын Кудста 1000 калктуу конуш куруу чечими эл аралык резолюцияларга, эл аралык гуманитардык мыйзамдарга каршы келээрин айтты.

Фавзи Бархам: «Сионисттик режимдин отурукташуу саясаты бардык палестиналык топторду чоң кыйынчылыктардын алдына койду жана алардын бул аракети оккупациялык режимге каршы турууну талап кылат”,- деди.

Палестина исламдык каршылык көрсөтүү тобунун (ХАМАС) өкүлү оккупацияга каршы ар тараптуу күрөшүү, ошондой эле дипломатиялык жана эл аралык чараларды көрүүгө чечимдерди кабыл алуу менен сионисттик режимди изоляциялоо жана жоопкерчиликке тартуу зарылдыгын белгиледи.

Комментарий жиберүү