Бейрут порту Ливан үчүн экономикалык жактанкандай мааниге ээ?

Кечээ, 4-августта жарылууда жер менен жексен болгон Бейрут порту Ливандын  товар импорттоосунда жана экспорттоосунда чоң роль ойногон.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Кечээ күнү Ливандын борбор шаары Бейруттагы деңиз портунда катуу жарылууда кеминде 78 адам каза болуп, 4000ге жакын адам жаракат алды. Ливандын “Аль-Ахбар” басылмасы Бейрут портунун маанилүүлүгү жөнүндө жазып, бул порт күн сайын эл аралык 300 порт менен иш алып барганын жана жылына 3100 кеме кабыл алганын, ошондой эле Ливандын экспорт менен импортунун көпчүлүгү дал ушул порттон жүргүзүлүп келгенин маалымдады.

Аталган басылманын билдирүүсүнө караганда, портко кирген товарлар Ливанга кирген товарлардын көлөмүнүн 70%дан ашыгын түзгөн. Бул портто аянты 81 миң чарчы метрди түзгөн дан сактагыч кампа жана эркин аймак бар болчу. Көпчүлүк импорттолуучу товарлар жана материалдар, анын ичинде азык-түлүк, сырье, дары-дармектер жана электр шаймандары ушул порт аркылуу Ливанга кирчү.

Чындыгында, бул порт Ливандын кампаларынын негизги бөлүгү болуп саналчу, себеби бул жерде ар кандай товарлар сакталган ири кампалар бар болгон. Мындан тышкары, Ливандын ички транспорттук системасы да портка көз каранды болгон. Себеби товарлар ал жактан Бейрутка жана андан кайра өлкөнүн башка жерлерине ташылчу. Эгерде Ливан мурунку жылдары товарлардын ири көлөмүн импорттоону көздөгөн болсо, бүгүнкү күндө ал товарлардын эң маанилүү импортун жоготту.

Комментарий жиберүү