Ибн Баттута: Эң белгилүү мусулман саякатчынын жашоосу

Ибн Баттута Абу Абдуллах Мухаммад  1304-1377-жылдары жашап, алгачкы Хаж сапарынан 24 жыл өткөн соң өлкөсүнө кайтып келген.

 Ибн Баттута үчүн бул узак сапар болгон. Ал 21 жашында өзүнүн туулуп өскөн Танжерия (Марокко) шаарын таштап кетээрде, кийин өзүнүн тагдыры кандайча өзгөрөөрүн элестете алган эмес. Узак сапардан кайтып келе жатып Ибн Баттута Атлантика океанынын жээгиндеги жарым айга окшогон  шаарын мындан 24 жыл мурда кандай абалда болгонун элестетүүгө аракет кылып карап жатты.  

Ибн Баттута 1325-жылы 21 жашында аргасыз ата-энесин калтырып, алгачкы Хаж сапарына чыгат. Ал убакта Мароккодон Меккеге баруу үчүн 5000 чакырымдай жерди жөө басып өтүү керек эле.  Көпчүлүк мусулмандар Меккеге келишип, андан кийин алар үйлөрүнө кайтып келишкен, анткени Меккеге барып келүүнүн өзү татаал жол болгон. Бирок Ибн Баттута ажылык жөрөлгөсүн бүтүрүп эле үйгө кайта койбостон, сапарын 24 жылга созуп, анын ичинде 116000 км. узак жол басып өткөн.

Ибн Баттута эң узак саякаттаган белгилүү мусулман саякатчы эле. Анын өмүрүнөн 125 жылдай өткөн соң, башка саякатчылар: Христофер Колумб, Фаско да Гама же Фернан Магеллан сыяктуу белгилүү саякатчылар пайда болгон.
Ибн Баттута туулуп өскөн шаарына  кайтып келгенде ата-энесинин көзү өтүп кеткен эле, бирок ал белгилүү саякатчы атка конду. Замандаштарынын бири аны “кылымдын саякатчысы”  жана “бардык ислам дүйнөсүнүн  саякатчысы” деп атаган.

Ибн Баттута чынында өз мезгилинин саякатчысы болгон. Ал чет мамлекеттерден Испаниянын, Россиянын, Түркиянын, Персиянын, Индиянын, Орто Азиянын, Кытайдын жана бардык араб мамлекеттеринин аймактарын кыдырган.
 Ал саякаттаган өлкөлөрдүн диний, саясий жана социалдык шарттарын сүрөттөөлөрү – уникалдуу тарыхый, орто кылымдагы цивилизацияны чагылдырган жалгыз  булак катары калды. Ибн Баттуттун 116 000 километр аралыкты басып өтүүсүн, анын ичинде Марко Поло, Ф. Магеллана, Х. Колумб сыяктуу саякатчылардын рекордун эч ким кайталаган эмес. Албетте, бул саякатчылар сапарын ар кандай себептер менен саякатташкан: Марко Поло соодагер болсо, Колумб окуя издөөчү, ал эми Ибн Баттута теолог, акын жана окумуштуу-гуманист болгон.

Ал Танжериядан келип, Исламдын ыйык жерлерин кыдырганда, дүйнө жаңылыктарын көрүүгө көбүрөөк кызыгып, баарын билгиси келген.
Ибн Баттута атасы белгилүү казы болгондуктан, жашынан илимге үйрөнүп, адабият, поэзияга кызыккан. Ал диний адабияттарды кеңири изилдеп келген. Ибн Баттута Абу Абдаллах Мухаммад сапарлары тууралуу ыр түрүндө  сүрөттөгөн жалгыз улуу саякатчы. Бул стилдин эң маанилүү мисалдарынын бири Каирдин 1326-жылдагы сүрөттөлүшү:
 “Каир – шаарлардын энеси жана фараондордун резиденциясы, укмуштуудай кооз имараттары, көптөгөн аймактары менен белгилүү. Бай өсүмдүктөргө, укмуштай кооз жерлерге ээ. Ар бир жолугушуу менен коштошуунун жайы. Күчтүүлөр менен алсыздардын  аялдамасы. Шаарда каалаганыңыз менен жолугуша аласыз: билимдүү жана сабатсыз, олуттуу жана тамашакөй, тартынчаак жана тайманбас, жөнөкөй жана атактуу, асыл жана төмөн адамдар. Ал көп калкы менен деңиздин толкунундай толкундайт. Чөлкөмүнүн  кеңдиги жана күч-кубаты менен элдин бардыгын камтып турат.”

(Уландысы бар…)

Каныкей Жаманкулова.

Комментарий жиберүү