Кувейттен чет өлкөлүктөр массалык түрдө чыгарылат

Кувейтте чет өлкөлүктөрдү массалык түрдө жумуштан кетирүү башталды.

Islam Today агенттигинин маалыматына ылайык, Кувейт бийликтери эмгек рыногун “Кувейттештирүү” саясатын кайрадан башташты.
Аль Арабия каналы билдиргендей, мамлекеттик секторго жана ага тиешелүү болгон жеке менчик мекемелерге чет элдик жумушчулардын санын 50%га чейин кыскартууга үч ай убакыт берилди.

Өкмөттүн жаңы буйругун аткарууга көптөгөн бөлүмдөр ишке киришишти. Ошол эле учурда, бул саясат жогорку квалификациялуу чет элдик адистерге дагы колдонулары баса белгиленди.

Бирок алар контракттарынын мөөнөтү бүткөнчө акыркылардан болуп кыскартылышат.
Бошогон жумуш жайларын Кувейт жарандары ээлешет деп болжолдонууда.

Эске салсак, өлкөдө эмгек рыногун “Кувейттештирүү” саясаты 2018-жылы башталган. Азыр өлкөдө үч миллионго жакын чет элдиктер жашайт, алардын 120 миңи мамлекеттик сектордогу кызматкерлер.

Комментарий жиберүү