Орусия Ливанга жардам берүүүчүн 5 учак жөнөттү

Орусия Бейруттагы жарылуудан кийин урандыларды тазалоого жардам берүү үчүн Ливанга 5 учак жана аны менен бирге коргоочу шаймандарды жөнөттү.

Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашканын “Fars News” агенттиги кабарлады.  “Sputnik” агенттиги маалымдагандай, Орусия ошондой эле Ливанга коронавируска каршы күрөшүүгө бир катар адистерди жана коргоочу каражаттарды жөнөттү.

Кечээ, 4-августта Ливандын борбор шаары Бейруттагы деңиз портундагы катуу жарылуудан каза болгондордун саны 100гө жетип, 4000ден ашууну жаракат алды. Жарылууга бир эле мезгилде көп өлчөмдөгү күйүүчү материалдардын жарылышы себеп болгон жана күбөлөрдүн айтымында, алгач анча катуу эмес  жарылуу, андан кийин катуу жарылуу болгон. Жарылуу ушунчалык катуу болгондуктан, анын үнү Кипрга чейин угулган. Иорданиянын сейсмологиялык обсерваториясы Бейруттагы жарылуунун күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөөгө барабар болгонун билдирди.

Комментарий жиберүү