Бейруттагы жардырууда каза болгондордун саны 137ге жетти

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Бейрут портундагы жарылуунун курмандыктарынын саны 137 кишиге көбөйгөнүн жарыялады.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. “Аль-Жазира” телеканалы Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип Бейруттагы жарылуудан кеминде 137 киши каза болгонун маалымдады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаракат алгандардын саны 5000ге жетип, дагы ондогон адамдар дайынсыз болууда. Буга чейин 135 киши каза болгондугу маалымдалган.

Ливандын премьер-министри Хассан Дияб Бейруттун деңиз портундагы эки катуу жарылууга алты жылдан бери туура эмес сакталып турган 2750 тонна аммиак селитрасы себепчи болгонун билдирген.

Маалыматка караганда, порттогу жарылуунун кесепетинен улам 300 миңден ашуун адам үй-жайсыз калды.

Комментарий жиберүү