Ооганстанда COVID-19га 10 миллиондой киши чалдыккандыгы маалымдалды

Ооганстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жаңы иликтөөлөрү өлкөдө коронавирус илдетин 10 миллиондой киши жуктуруп алганын көрсөттү.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Ооганстандын Саламаттык сактоо министри Ахмад Жавад Османи 5-августта өткөн маалымат жыйынында министрликтин жаңы иликтөөлөрү ооган калкынын дээрлик 31,5%ы коронавируска чалдыккандыгын көрсөттү деп билдирди.

Министрдин айтымында, Кабулда жалпы тургундардын 53%ы вирус жуктуруп алган. Бул көрсөткүч өлкөнүн  чыгыш аймагында 42,3%ды, борбордо 36,3%ды, батыш провинцияларда 34,1%ды жана түндүк-чыгыш провинцияларда 32,4%ды түзөт.

Ооганстандын Дайкунди жана Гор провинцияларында коронавирус жуктуруунун учурлары аз катталган. Бул провинциялардын тургундарынын 21%ы илдетке кабылган. Ооганстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы статистикасы боюнча, акыркы 24 саатта COVID-19га шектелген 275 адам текшерилип, алардын ичинен 47 адамдан коронавирус аныкталган.

Комментарий жиберүү