COVID-19: Кыргызстанда стационарлар жабыла баштады

Акыркы эки күндө Ош шаарында 100 орундуу эки стационар жабылды.

Муну адистер – илдет жуктуруп, стационарга кайрылгандардын саны азайганы менен түшүндүрүшөт. Бирок эпидемиологиялык абал дагы деле курч бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаары боюнча координатору Кыялбек Ташболотов билдирди.

“Акыркы учурда илдетке кабылган бейтаптардын күндүзгү стационарларга кайрылгандары азайганы байкалууда. Буга байланыштуу шаардагы Алишер Навои мектебинде уюшулган 78 орундуу стационар жана «Сан райс» мейманкасындагы 30 орундуу эки күндүзгү стацинар жабылды”,-деди Ташболотов.

Мындан бир ай башта Ош шаарында жети стационар ачылып, бейтаптарды кабыл алып жаткан болсо, эми алардын бешөө эле иштеп жатат. Адистер жакында булардын дагы экөө ишин токтоторун айтышат.

Комментарий жиберүү