Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 19 миллиондон ашты

Дүйнө жүзүндө COVID-19 илдетин жуктуруп алган адамдардын саны 19 000 415ке жетти.

Бул тууралуу “Worldometer” сайты маалымдаганын “Fars News” агенттиги жазды. Маалыматка караганда, дүйнөдө азыркы тапка чейин 711 миң 627 адам көз жумуп, 12 миллиондон ашууну сакайып кетти.

COVID-19га кабылгандардын саны боюнча мурдагыдай эле АКШ алдыда келе жатат. Бул өлкөдө вирус менен 4 миллион 970 миң киши ооруп жатат.

Маалыматтарга караганда, АКШда акыркы 24 сааттын ичинде вирустан 1311 адам каза болуп, жалпы өлгөндөрдүн саны 161 миңде ашты.  АКШ вирустан көз жумгандар көп катталып жаткан өлкөлөрдүн сап башында турат.

Комментарий жиберүү