Зариф: АКШ менен Израилдин өзөктүк куралдары биздин аймакка коркунуч туудурат

Иран ТИМ жетекчиси Хиросима окуясынын  жылдыгына карата дүйнөлүк ядролук үрөйдү учурган окуяларды токтотууга чакырды.

Fars News агенттигинин Эл аралык тобунун маалыматына ылайык, ИИРдин Тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Экинчи Дүйнөлүк Согушта Япониянын Хиросима шаарына жасалган террордук кол салуунун 75 жылдыгына байланыштуу билдирүү жасады.

Зариф өзүнүн Твиттердеги баракчасына мындай деп жазды: “75 жыл мурун ушул күнү АКШ өзөктүк куралдын биринчи жана жалгыз ээси болуп, бейкүнөөлүүлөргө каршы колдонгон.”

“Бүгүнкү күндө да АКШ менен Израилдин өзөктүк куралдары биздин аймакка коркунуч туудурууда”, – деди ал Израилдин Батыш Азия чөлкөмүндөгү эң ири өзөктүк курал ээлеринин бири экенин белгилеп.

Белгилей кетсек, Твиттерде Зариф Хиросима окуясында бомбалоо убагында токтоп калган сааттын сүрөтү менен # Хиросима75 хэштегин бөлүштү.

Комментарий жиберүү