Казакстандын тандалган 2 миллиондон ашык тургуну коронавируска каршы акысыз вакцина алышат

Казакстандын 2,2 миллион тургуну COVAX Facility эл аралык программасынын алкагында коронавируска каршы вакцинаны бекер алышат.

Бул тууралуу Islam Today агенттиги Sputnikке шилтеме берип маалымдады.
“Казакстан Эпидемияга даярдык боюнча инновациялар коалициясы (CEPI) жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, ошондой эле эл аралык корпорациялар жана вакцинаны өндүрүүчүлөр менен биргеликте Вакциналар жана иммунизация боюнча дүйнөлүк альянсы (GAVI) тарабынан түзүлгөн COVAX Facility программасына кошулду”, – деп Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Багдат Кожахметов билдирди.

Вакцина жогоруда айтылгандай, айрым гана адамдарга: өнөкөт оорулары, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, кант диабети жана өнөкөт обструктивдүү өпкө оорулары бар адамдарга, 65 жаштан ашкан адамдарга жана медициналык кызматкерлерге берилет.

 “Казакстан Республикасында эмдөөдөн өтө турган адамдардын саны 2 182 000 адам же өлкөнүн жалпы калкынын 11,5%ын түзөт”, – деп кошумчалады Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү.

Комментарий жиберүү