Ысрапчылык арам нерсе

Орточо тамактануу жана ичүү адептери тууралуу Куранда жана Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) хадистеринде көп айтылган жана ысрапчылыкка катуу тыюу салынган. Ал эми канаат кылуу бул – чексиз байлык.

Аллах Таала Фуркан сүрөсүнүн 67-аятында ысырапкорчулук жөнүндө мындай дейт: [Аллахтын кулдары] – ысырап кылбай, сараңдуулук кылбай, тескерисинче, ченемдүү сарптагандар;

Исра сүрөсүнүн 27-аятында: …анткени ысырапкорлор шайтандардын бир туугандары, ал эми шайтан Раббисине шүгүрсүздүк менен жооп берди.

Тамак-аштарды таштандыга таштоо баарынан жаман, мисалы бир адам беш коногуна эки эсе көп тамак даярдоосу. Ал артып калган тамакты таштандыга ыргытып таштайт. Бул жерде адам чектен чыгуу менен ырыскыларын жок кылды.

Ошентип, ысырапкорчулук дегендин мааниси адамдын өз курсагына ашыкча сарптоосу экени белгилүү болду.  Ал эми бекерге кетирүү андан жаман. Мындай ысырапкорчулукта азык-түлүк өтө көп сарпталып, анын бир бөлүгү жокко чыгарылып жатат. Ресторан, тойкана жана кафелерде көп ысырап кылынат, бул исламдын жашоо мүнөзүнө каршы келет.

Комментарий жиберүү