Байден Трамптын кайра шайланышынын кесепеттери жөнүндө эскертти

Демократиялык талапкер жана АКШнын мурдагы вице-президенти Трамптын ноябрдагы президенттик шайлоодогу ыктымалдуу жеңишинин кесепеттери жөнүндө эскертти.

Эл аралык Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Жо Байден АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп бийликте кала берээрине байланыштуу твит-эскертүү берип,  АКШнын алдыдагы шайлоолорунда элди колдоо көрсөтүүгө үндөдү.
Байден Твиттерде Трамптын кийинки төрт жылга болочок президент болуп шайланса, келечек муундар үчүн катастрофалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин баса белгиледи.
Ал өзүнүн Твиттер баракчасында “Трамптын администрациясына дагы төрт жыл бийликте калуу келечектеги муун үчүн катастрофалык кесепеттерге алып келет”,- деп жазган. Анын жеңиши биздин демократияга коркунуч келтирет. Биз анын ноябрда кетиши боюнча добуш беришибиз керек”,- деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек,  акыркы сурамжылоого ылайык, эгер АКШнын 2020-жылдагы президенттик шайлоосу бүгүн өткөрүлсө, шайлоочулардын 43% Жо Байденге, 40% Дональд Трампка добуш бермек.

Комментарий жиберүү