Бейруттагы жардыруу иштери боюнча тергөө комитетинин отчету даярдалды

Бейрут Портунун Тергөө комитети акыркы окуя боюнча отчетун даярдап, аны Министрлер Кеңешинин Башкы катчысына жөнөттү.

Эл аралык Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, «Аль-Жумхурия» гезити Бейрут портундагы кырсыкты иликтөө боюнча комитет өз отчетун даярдап, аны 10-августта министрлер кеңешинин башкы катчысына жөнөттү.
Белгилей кетсек, докладда Бейрут портунун жарылуусуна байланыштуу администрациялык жоопкерчиликтер аныкталган. Анда аммиак селитрасы бар кеме портко келип, порт жарылганга чейиинки убакыттагы окуя каралган.  Кошумчалай кетсек, бул сот органдарына жоопкерчиликтерди аныктоого жана кырсыкка катышы бар 20 ысымдын тизмесин түзүүгө көмөктөшөт. Албетте, окуяныны чоо-жайын тергөө жана камакка алуу атайын сот органдарынын милдети болуп саналат.
Эске салсак, мурдараак Ливандын премьер-министри жарылуунун себеби өлкөдөгү портко байланыштуу коррупциялык иштер болгонун AL-Mayadeen телеканалына берген маегинде айткан. Жергиликтүү бийликтин маалыматында, жарылууга 2014-жылы бажы кызматкерлери тарабынан конфискациялангандан кийин кампада сакталган 2750 тонна аммиак селитрасы себеп болгон. Жарылуудан 158 киши набыт кетип, 6 миңден ашууну жаракат алган.
Ливандын Соттор Ассоциациясы 11-августта саат 11:00дө Бейруттагы Адилет Сарайында өзүнүн чечимин жарыялайт жана бул Ливандын сот бийлигинин тарыхындагы алгачкы жана мурда болуп көрбөгөн кадам болот.

Комментарий жиберүү