Ливан армиясы Бейруттун борборун көзөмөлгө алды

Ливан армиясы Бейруттун борборун көзөмөлгө алды

Ливан армиясы митингге чыккандардын бардыгын Бейрут парламентине жанаша жайгашкан борбордук аянттардан жана көчөлөрдөн кууп чыкты. Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги маалымдады.Демонстранттар дүйшөмбү күнү кечинде Бейруттун парламент имаратынын алдына кайрадан чогулушту. Нааразычылык акциясына чыккандар таштарды жана күйгүзүүчү материалдарды ыргытышып, парламентке алып баруучу көчөлөрдөгү тоскоолдуктарды бузууга аракет кылышкан. Ал эми полиция күчтөрү демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.Нааразычылык акциясы Ливандын премьер-министри Хасан Диабдын расмий билдирүү жасоосунан бир нече мүнөт мурун башталган. Ал бул билдирүүсүндө расмий түрдө өкмөттүн отставкасын…

Прочитайте больше

Кандай маска вирустан жакшы сактайт?

Кандай маска вирустан жакшы сактайт?

Үч катмардагы медициналык маскалар сүйлөө учурунда тамчылардын таралышынан 90% сактайт. IRINN агенттигининин маалымат базасына ылайык, маскалардын 14 түрүн салыштырган изилдөөнүн натыйжалары көрсөткөндөй, N95 клапансыз маскалар 100%га жакын, пахта кездемеден үйдө жасалган маскалар 70тен 90%га чейин жана жоолук жана марлидей жука кездемелерден жасалган маскалар 50%га чейин тамчылардын жайылышынан сактай тургандыгы аныкталды.Бул изилдөөдө, 14 сыналган маскалардын эң начары кебезден жасалган кездемелер жана жоолук менен оронуу болуп чыкты, алар тамчылардын жайылышынан 50%дан азыраак тоскоолдук жаратат.Белгилей кетсек, бул изилдөөлөр америкалык…

Прочитайте больше

Путин Орусияда коронавируска каршы биринчи вакцина катталгандыгын билдирди

Путин Орусияда коронавируска каршы биринчи вакцина катталгандыгын билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусияда коронавируска каршы биринчи вакцина катталгандыгын жарыялады. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги жазды. “Менин билишимче, бүгүн эртең менен дүйнөдө биринчи болуп жаңы коронавирустук инфекцияга  каршы вакцина каттоодон өттү”, – деди ал өкмөт мүчөлөрү менен өткөн жыйында. Ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Михаил Мурашкону бул туурасында кененирээк маалымат берүүсүн өтүндү. “Анын кыйла натыйжалуу иштерин билсем да, туруктуу иммунитетти түзсө да, кайталап коеюн, бардык текшерүүлөрдөн өттү”, – деп белгиледи Путин.

Прочитайте больше

Ак үйдүн айланасындагы атышуулар Трамптын маалымат жыйынын токтоосуз таштап кетишине себеп болду

Ак үйдүн айланасындагы атышуулар Трамптын маалымат жыйынын токтоосуз таштап кетишине себеп болду

Маалымат жыйынынан беш мүнөт өткөндөн кийин АКШнын президенти Дональд Трамп залдан дароо чыгып кетти. Эл аралык Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, жаңылыктар булагы америкалык коопсуздук күчтөрүнүн бири жыйын өткөрүлүп жаткан жерге кирип, Трамптын кулагына бир нерсе шыбырашынан кийин Трамп токтоосуздан залды таштап кеткенин кабарлады.Трамп залдан чыгып кетип жатып, буга эмне себеп болгону тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берген эмес.Берилген маалыматтарга караштуу, Трамп маалымат жыйынын өткөрүп жаткан Ак үйдүн тегерегинде атышуу болгон кабарды угаар замат залдан чыгып кетип, кайра…

Прочитайте больше

Казакстан коронавирустун жайылышы токтогонун жарыялады

Казакстан коронавирустун жайылышы токтогонун жарыялады

 Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун жайылышы токтогонун жарыялады. Islam Today агенттигинин Sputnik Казакстан каналына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Багдат Кожахметов билдирди.Анын айтымында, өлкөдө ушул күнгө чейин COVID-19 инфекциясынын 99 442 учурлары катталган жана алардын 72%ы сакайган.«Кырдаал турукташып, абал өлкөнүн бийлиги жана эпидемиологиялык кызматтардын толук көзөмөлүндө. Бүгүнкү күндө коронавирустун жайылышы токтоп калды “, – деди ал. Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлүнүн айтымында, 20 913 адам ооруканаларда дарыланып жатышат, дагы 4…

Прочитайте больше

Палестина/Баскынчылардын Акса мечитин кыйратуу планы боюнча эскертүү

Палестина/Баскынчылардын Акса мечитин кыйратуу планы боюнча эскертүү

 Оккупацияланган аймактардагы Палестина Ислам кыймылынын башчысы басып алган сионисттик режимдин Акса мечитин жок кылуу планы жөнүндө эскертүү жасады.  Бул тууралуу “Al Quds Al Arabi” гезити жазганын «Tasnim News» агенттиги маалымдады.Палестинанын оккупацияланган аймактардагы Ислам кыймылынын башчысы Раед Салах Абу Шакра сионисттик режимдин Акса мечитин кыйратуу планы жөнүндө эскертти.Анын айтымына караганда, сионист режими Акса мечитин жок кылууну пландап жатат. Ошондуктан, баскынчылардын Палестина жерлерине каршы зордук-зомбулук көрсөтүүлөрүнүн уланышы Акса мечити үчүн коркунуч сигналы деген маанини билдирет. Палестина Ислам…

Прочитайте больше

Израиль аскерлери тарабынан атып өлтүрүлгөн палестиналык кыздын шейит болушу

Израиль аскерлери тарабынан атып өлтүрүлгөн палестиналык кыздын шейит болушу

 Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Рамалла шаарында Израиль аскерлери тарабынан кол салынган жаш палестиналык кыздын шейит болгонун жарыялады. IQNA агенттигинин Палестина маалымат борборуна шилтеме берип кабарлоосуна ылайык, Далия Ахмад Сулейман Самоуди, 23 жаштагы палестиналык кыз Израилдин күчтөрү тарабынан Женин шаарында атып өлтүрүлдү. Белгилей кетсек, Далия Ахмад Сулейман Самоуди сионисттик аскерлердин огунан көкүрөктөн жаракат алгандыктан катуу кан кетип, шейит болду. Эске салсак, Израиль армиясы 7-августта  Батыш Шерианын Женин шаарындагы Аль-Жабрият аймагына кол салып, палестиналыктарды аткылашкан. Жениндеги Кызыл Жарым…

Прочитайте больше