Ак үйдүн айланасындагы атышуулар Трамптын маалымат жыйынын токтоосуз таштап кетишине себеп болду

Маалымат жыйынынан беш мүнөт өткөндөн кийин АКШнын президенти Дональд Трамп залдан дароо чыгып кетти.

Эл аралык Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, жаңылыктар булагы америкалык коопсуздук күчтөрүнүн бири жыйын өткөрүлүп жаткан жерге кирип, Трамптын кулагына бир нерсе шыбырашынан кийин Трамп токтоосуздан залды таштап кеткенин кабарлады.
Трамп залдан чыгып кетип жатып, буга эмне себеп болгону тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берген эмес.
Берилген маалыматтарга караштуу, Трамп маалымат жыйынын өткөрүп жаткан Ак үйдүн тегерегинде атышуу болгон кабарды угаар замат залдан чыгып кетип, кайра кайтып кирген эмес.
Окуя тууралуу Трамп кийинчерээк мындай деген: “Атайын күчтөр Ак үйдүн жанында куралдуу шектүүнү атып салышкандан кийин ал ооруканага жеткирилди.
АКШ президентинин айтымында, окуя Ак үйдүн тосмосунун жанында болгон.

Комментарий жиберүү