Израиль аскерлери тарабынан атып өлтүрүлгөн палестиналык кыздын шейит болушу

 Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Рамалла шаарында Израиль аскерлери тарабынан кол салынган жаш палестиналык кыздын шейит болгонун жарыялады.

IQNA агенттигинин Палестина маалымат борборуна шилтеме берип кабарлоосуна ылайык, Далия Ахмад Сулейман Самоуди, 23 жаштагы палестиналык кыз Израилдин күчтөрү тарабынан Женин шаарында атып өлтүрүлдү.

Белгилей кетсек, Далия Ахмад Сулейман Самоуди сионисттик аскерлердин огунан көкүрөктөн жаракат алгандыктан катуу кан кетип, шейит болду.

Эске салсак, Израиль армиясы 7-августта  Батыш Шерианын Женин шаарындагы Аль-Жабрият аймагына кол салып, палестиналыктарды аткылашкан.

Жениндеги Кызыл Жарым Айдын директору Израилдин аскерлери тез жардам унаасына да ок чыгарып, эки ирет ок тийгенин баса белгиледи.

Комментарий жиберүү