Казакстан коронавирустун жайылышы токтогонун жарыялады

 Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун жайылышы токтогонун жарыялады.

Islam Today агенттигинин Sputnik Казакстан каналына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Багдат Кожахметов билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө ушул күнгө чейин COVID-19 инфекциясынын 99 442 учурлары катталган жана алардын 72%ы сакайган.
«Кырдаал турукташып, абал өлкөнүн бийлиги жана эпидемиологиялык кызматтардын толук көзөмөлүндө. Бүгүнкү күндө коронавирустун жайылышы токтоп калды “, – деди ал.
 Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлүнүн айтымында, 20 913 адам ооруканаларда дарыланып жатышат, дагы 4 713 адам амбулаториялык негизде дарыланышууда. Ал Казакстан үчүн оор мезгил аяктады деп баса белгиледи.

Комментарий жиберүү