Кандай маска вирустан жакшы сактайт?

Үч катмардагы медициналык маскалар сүйлөө учурунда тамчылардын таралышынан 90% сактайт.

IRINN агенттигининин маалымат базасына ылайык, маскалардын 14 түрүн салыштырган изилдөөнүн натыйжалары көрсөткөндөй, N95 клапансыз маскалар 100%га жакын, пахта кездемеден үйдө жасалган маскалар 70тен 90%га чейин жана жоолук жана марлидей жука кездемелерден жасалган маскалар 50%га чейин тамчылардын жайылышынан сактай тургандыгы аныкталды.
Бул изилдөөдө, 14 сыналган маскалардын эң начары кебезден жасалган кездемелер жана жоолук менен оронуу болуп чыкты, алар тамчылардын жайылышынан 50%дан азыраак тоскоолдук жаратат.
Белгилей кетсек, бул изилдөөлөр америкалык университетте жүргүзүлүп, анын натыйжалары Science Advances журналында жарыяланган.
Изилдөөчүлөр маскалардын сапатын аныктоо үчүн караңгы бөлмөдө лазер нурунун астында сүйлөшүшкөн. Андан кийин алар компьютер менен сүйлөшүп жатканда маска  аркылуу нурдан өткөн тамчылардын санын талдашкан.

Комментарий жиберүү