Ливан армиясы Бейруттун борборун көзөмөлгө алды

Ливан армиясы митингге чыккандардын бардыгын Бейрут парламентине жанаша жайгашкан борбордук аянттардан жана көчөлөрдөн кууп чыкты.

Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги маалымдады.
Демонстранттар дүйшөмбү күнү кечинде Бейруттун парламент имаратынын алдына кайрадан чогулушту. Нааразычылык акциясына чыккандар таштарды жана күйгүзүүчү материалдарды ыргытышып, парламентке алып баруучу көчөлөрдөгү тоскоолдуктарды бузууга аракет кылышкан. Ал эми полиция күчтөрү демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.
Нааразычылык акциясы Ливандын премьер-министри Хасан Диабдын расмий билдирүү жасоосунан бир нече мүнөт мурун башталган. Ал бул билдирүүсүндө расмий түрдө өкмөттүн отставкасын жарыялаган.
Ливандын премьер-министри Хасан Диаб дүйшөмбү күнү бүт өкмөтү отставкага кеткенин жарыялады. Ал элге “Биз мекенибиздин улуттук куткарылышына эшик ачкыбыз келет. Бүгүн мен бул өкмөттүн кызматтан кеткенин жарыялайм”, -деп сүйлөдү. Ошондой эле, мурунку аткаминердерди ушул өкмөттүн түзүлгөн алгачкы күндөрүнөн бери эле кетирген каталарын жана өлкөдөгү кризисти алардын мойнуна илүүгө аракет кылышкан деп күнөөлөдү.

Комментарий жиберүү