Палестина/Баскынчылардын Акса мечитин кыйратуу планы боюнча эскертүү

 Оккупацияланган аймактардагы Палестина Ислам кыймылынын башчысы басып алган сионисттик режимдин Акса мечитин жок кылуу планы жөнүндө эскертүү жасады.

 Бул тууралуу “Al Quds Al Arabi” гезити жазганын «Tasnim News» агенттиги маалымдады.
Палестинанын оккупацияланган аймактардагы Ислам кыймылынын башчысы Раед Салах Абу Шакра сионисттик режимдин Акса мечитин кыйратуу планы жөнүндө эскертти.
Анын айтымына караганда, сионист режими Акса мечитин жок кылууну пландап жатат. Ошондуктан, баскынчылардын Палестина жерлерине каршы зордук-зомбулук көрсөтүүлөрүнүн уланышы Акса мечити үчүн коркунуч сигналы деген маанини билдирет.

Палестина Ислам кыймылынын башчысы, Акса мечитин ушул коркунучтан сактап калуунун бирден-бир жолу XVIII кылымдан бери издеп келе жаткан талабын кура албаган, Аль-Акса мечитин басып алган сионисттик режимден кутулуу деп эсептейт.

Раед Салах анын Палестинада диний символдорду коргоо боюнча жеке иши 1990-жылдары Акса мечитинин бир катар жактоочулары менен башталганын баса белгиледи.

Комментарий жиберүү