Путин Орусияда коронавируска каршы биринчи вакцина катталгандыгын билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусияда коронавируска каршы биринчи вакцина катталгандыгын жарыялады.

Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги жазды. “Менин билишимче, бүгүн эртең менен дүйнөдө биринчи болуп жаңы коронавирустук инфекцияга  каршы вакцина каттоодон өттү”, – деди ал өкмөт мүчөлөрү менен өткөн жыйында. Ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Михаил Мурашкону бул туурасында кененирээк маалымат берүүсүн өтүндү. “Анын кыйла натыйжалуу иштерин билсем да, туруктуу иммунитетти түзсө да, кайталап коеюн, бардык текшерүүлөрдөн өттү”, – деп белгиледи Путин.

Комментарий жиберүү