Захарова жасалма маалыматтарга каршы күрөшүүдө Орусия менен Ирандын кызматташтыгын актуалдуу багыт деп атады

Орусия ТИМи: Орусия менен Ирандын маалымат чөйрөсүндө кызматташуусу келечектүү жана жасалма жаңылыктардын кесепетинен улам актуалдуу болуп баратат.

Islam Today агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова маалыматтык маселелер боюнча орус-ирандык консультация учурунда билдирди.
«Биздин кызматташуунун маалыматтык багыты дагы келечектүү. Ошондой эле ведомстволор аралык линия боюнча биргелешип иштөөнү камтыйт. Биринчиден, бул ММК чөйрөсүндө кызматташуу боюнча комитет жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында кызматташуу боюнча жумушчу топтор, ошондой эле регионалдык платформаларда, мисалга Каспий Медиа Форуму да камтылат”,- деди Захарова.
ТАСС агенттиги Орусия ТИМнини расмий өкүлү мындай деп кошумчалаганын билдирди: ЖМК кызматкерлери менен журналисттердин кесиптик диалогун чыңдоо, эки тараптуу маалыматтын болушун кеңейтүү, медиа билимин өркүндөтүү, тышкы саясат ведомстволорунун басма сөз кызматтары аркылуу байланыштарды чыңдоо пландары да алдыда турат.”
Захарованын айтымында, бул жаатта өнөктөштүк “бир катар мамлекеттер, негизинен Батыш өлкөлөрүнүн региондорго жана элге каршы жасаган маалыматтык согуштун”  маалында айрыкча актуалдуу болууда.
«Биз жасалма жаңылыктар көйгөйүн көрүп жатабыз. Орусия, Иран мамилелеринде, анын ичинде эки тараптуу мамилелерибизде жасалма нерселер кандайча колдонулуп жаткандыгын көрүп жатабыз ”, – деди ал.

Комментарий жиберүү