Кыргызстан 18 миллиарддан ашык сом карызын төлөдү

Быйыл Кыргызстан январь-июль айларынын аралыгында 18 миллиарддан ашуун сом мамлекеттик карызды төлөдү.

Бул тууралуу өлкөнүн каржы министрлигинин сайтында жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, алгач 28 миллиард сом коротуу пландалган, бирок доллардын курсунун өсүшү жана башка себептерден улам төлөм дагы 4 миллиардга көбөйгөн.

Акыркы 7 айдын жыйынтыгы менен тышкы карыз 8 миллиард 371,6 миллион сом; ички карыз – 9 миллиард 712,8 миллион сом болгон. Июнь айынын аягында мамлекеттик карыз 4 миллиарддан ашык долларды түздү.

6-августка карата Эл аралык уюмдардан Кыргызстанга 333 миллиондон ашык доллар келген. Насыянын көпчүлүк бөлүгү бюджетти, жеке секторду жана саламаттык сактоо чөйрөсүн колдоого жумшалган.

Эске сала кетсек, ушул жылдын июль айында кыргыз өкмөтү дээрлик бардык кредиторлор менен 2020-жылдагы тышкы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү дагы 3-4 жылга жылдыруу жөнүндө макулдашууга жетишкенин билдирген.

2020-жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын мамлекеттик жалпы карызы – 4 млрд. 773,92 млн. долларды түздү. Ошентип өлкөнүн карызы беш миллиард долларга жакындап калды. Жыл башында карыз 4,5 миллиард доллардын тегерегинде болчу.

Комментарий жиберүү