Уханда мектеп тер ачылды

Кытайда коронавирус биринчи катталган Ухань шаарында мектептер ачылып, окуучулар жети айдан кийин кайрадан окуп башташты.

“IRNA News” агенттигинин маалыматына ылайык, Кытайдын Ухань шаарынын Билим берүү министрлиги коронавирус чыккандан бери биринчи жолу ден-соолукка байланыштуу кеңештерди аткаруу менен биринчи орто мектепте экинчи жана үчүнчү класстардын окуусуна уруксат берди жана шейшемби күндөн баштап, окуучулар беткап кийип мектепке келе башташты.

Ухандагы мектептердин ачылышынын биринчи күнү мектептерге биринчи жана экинчи класстагы 158000 окуучу барды.
Шаардын 12-классынын окуучулары жалпы республикалык экзаменди эске алуу менен 17-майдан баштап эле окуп башташкан.
Пекин университеттердин, орто жана башталгыч мектептердин, бала бакчалардын күзгү семестри тартибине жараша 29-августтан 11-сентябрга чейин башталарын жарыялады. Окуучулардын мектепке жана студенттердин университетке кайтып келиши Кытай өкмөтү менен элинин коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү жана көзөмөлдөө боюнча жүргүзүп жаткан олуттуу жана кылдат аракеттеринин натыйжасы болду.

Кытайдын Улуттук Саламаттыкты сактоо комитети март айынын аягында өлкөдөгү коронавирус эпидемиясы түп-тамыры менен көзөмөлдө экенин жарыялаган. Кытай өкмөтү жана бүткүл өлкө эли сергектик менен коронавирус оорусунун алдын алуу жана көзөмөлдөө ишин улантып, өндүрүштү калыбына келтирип, кадимки экономикалык жана социалдык ишмердүүлүккө кайтууга аракет кылууну улантып жатышат.

Комментарий жиберүү