Филиппиндин президенти Орусиянын коронавирус вакцинасына оптимисттик көз карашта

Филиппиндин президенти Орусиянын коронавирус вакцинасынын натыйжалуулугуна үмүтүн билдирип, Москванын бул боюнча жүргүзүп жаткан изилдөөсүнө толук ишенээрин жана аны өзүнө сайдырганга ыктыярдуу экендигин айтты.

Fars News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, Филиппиндин президенти Родриго Дутерте Орусиянын корона вакцинасын изилдөөсүнө толук ишенээрин айтты.
Белгилей кетсек, Дутерте Владимир Путинге кайрылып: Мен силердин COVID-19га каршы жүргүзүп жаткан изилдөөлөрүңүз адамзатка абдан пайдалуу деп ишенем”,- деп билдирген.
Эске салсак, июль айында Дутерте кытайлык кесиптешин Филиппинге вакцина өткөрүп берүүдө алгачкылардын катарында кароого чакырган.
Ал эми 11-августта Орусиянын Президенти Владимир Путин өз өлкөсүндө биринчи коронавирустун вакцинасын Ички иштер министрлиги жактыргандыгын жарыялап, бул вакцина анын кыздарынын биринде сыналганын жана эч кандай көйгөй жок экендигин айтты.
Филиппинде коронавирустун 139 538 учуру катталып, алардын 2312 адам көз жумган.

Комментарий жиберүү