Индиянын мусулмандары Ислам Пайгамбарын (с.а.в) мазактаганга каршы демонстрацияга чыгышты

Индия мусулмандары Пайгамбарыбыздын (с.а.в) ыйыктыгына акаарат кетирген индиялык кишиге каршы чыгышты.

Бул тууралуу IQNA агенттиги Анадолуга шилтеме берип маалымдады.
Белгилей кетеск, Карнатака штатындагы Индиянын миңдеген мусулмандары Индия Улуттук Конгрессинин мүчөсү болгон өкүлдүн жээни тарабынан Фейсбукта Пайгамбарга (с.а.в) акаарат келтирген макаланын жарыяланганына каршы нааразычылык акциясына чыгышты.
Маалыматка ылайык, жүздөгөн демонстранттар депутаттын үйүн курчап алышып, коопсуздук күчтөрүнөн депутаттын жээни камакка алынышын талап кылышкан.
Демонстранттар полициянын кийлигишүүсүнөн кийин полиция бекетине чабуул коюп, бир нече унаа, анын ичинде полиция унаасын өрттөп   жиберишти.
Маалыматка караганда, полиция демонстранттарга ок чыгарып, үч демонстрантты өлтүргөн. Нааразычылык акциясынын жүрүшүндө алтымыш адам жаракат алды, алардын айрымдары полиция кызматкерлери.
Окуяга байланыштуу Индиянын коопсуздук күчтөрү нааразылык аянттарында коменданттык саат жарыялап, 110 демонстрантты камакка алышты.
Ал эми Фейсбукта Ислам Пайгамбарына (с.а.в) каршы жазылган макаланын жарчысы коопсуздук күчтөрү тарабынан камакка алынгандыгы кабарланууда.

Комментарий жиберүү