Орусиянын коронавируска каршы вакцина сыноолору Сауд Аравиясында жана БАЭде өтөт

Орусиянын Тике Инвестициялык Фонду Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Аравиясы менен биргелешип орусиялык коронавируска каршы COVID-19 вакцинасын сыноонун үчүнчү фазасын өткөрүү жөнүндө макулдашты.

Бул тууралуу Islam Today маалымат порталы аталган фонддун жетекчиси Кирилл Дмитриевдин сөзүнө шилтеме берип билдирди.
«Орусия вакцинасынын 3-фаза боюнча клиникалык сыноолору чет өлкөлөрдө өтөт. БАЭ, Сауд Аравия жана башка бир катар мамлекеттердин өнөктөштөрү менен биз Гамалея (Институт) вакцинасынын тиешелүү сыноолорун өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетиштик ”, – деди Дмитриев.

Эске салсак, Орусия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 11-августта коронавирус инфекциясынын алдын алуу үчүн дүйнөдөгү биринчи вакцинаны каттаган.
 Белгиленгендей, бүгүнкү күндө Орусияга 20 өлкөдөн 1 миллиард доза коронавирустук вакцина алуу боюнча суроо-талап келип түшкөн. Дмитриевдин айтымында, Латын Америкасы, Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрү вакцинага чоң кызыгуу көрсөтүп жатышат.

Комментарий жиберүү