Токаев Путинди COVID-19га каршы биринчи вакцинанын катталгандыгы менен куттуктады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путинди коронавируска каршы дүйнөдөгү биринчи вакцинанын катталгандыгы менен куттуктады.

Бул тууралуу “Fars News” агенттигинин Душанбедеги өкүлчүлүгү кабарлады. “Бул иш-чара Орусиядагы  илимдин жогорку потенциалын жана кадыр-баркын, ошондой эле Орусиянын ушул глобалдык коркунучка каршы күрөшүүдөгү башкы ролун тастыктайт”, – деп айтылат Токаевдин куттуктоо телеграммасында.

Мындан тышкары, Токаев Путинге коронавирус пандемиясы учурунда Казакстанды колдогондугу үчүн, анын ичинде өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык абалды  жакшыртууга олуттуу салым кошкон гуманитардык жардам жана дарыгерлерди жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Касым-Жомарт Токаев бул жаатта Казакстан менен Орусиянын натыйжалуу кызматташтыгына жогору баа берди.

Ал ошондой эле август айынын экинчи жарымында казак өкмөтүнүн делегациясы Орусиянын коронавируска каршы вакцинасын сатып алуу маселесин талкуулоо үчүн Москвага барарын белгиледи.

Эске салсак, 11-августта Орусиянын президенти Владимир Путин Орусияда коронавируска каршы биринчи вакцина катталгандыгын жарыялаган. “Менин билишимче, бүгүн эртең менен дүйнөдө биринчи болуп жаңы коронавирустук инфекцияга  каршы вакцина каттоодон өттү”, – деген ал өкмөт мүчөлөрү менен өткөн жыйында.

Комментарий жиберүү