Трамп: АКШ үчүн эң чоң көйгөй Иран менен Кытай эмес, демократтар

Американын президенти өзүнүн атаандаштарына каршы үгүт өнөктүгүндө АКШдагы эң чоң көйгөй Иран жана Кытай эмес, демократтар экенин билдирди.

Эл аралык Tasnim News агенттигинин Рейтерге шилтеме берип маалымдаганына караганда, АКШнын президенти Дональд Трамп 12-августта  Ак үйдө өткөргөн пресс-конференциясында демократтарды АКШнын эң чоң көйгөйү деп сыпаттады.
Шайлоо атаандаштарына сокку уруп, аларга каршы пропаганда согушун жүргүзүүнү көздөгөн Трамп, Кытай жана Иран эмес, АКШ үчүн демократтар эң чоң көйгөй экендигин айтты.

Демократтардын ноябрдагы президенттик шайлоону почта аркылуу өткөрүүгө болгон мамилесин сынга алып, ал: “Алар Орусия, Кытай жана Иранды президенттик шайлоолорго кийлигишет деп күнөөлөшөт, бирок эң чоң көйгөй – бул демократтардын өзүлөрү жана алардын мамилеси”, – деди.
“Биз Кошмо Штаттарда коронавируска каршы күрөшүп жатабыз жана биздин экономикалык абалыбыз Европадагы жана башка көптөгөн мамлекеттерге караганда алда канча жакшы”,- деп кошумчалады Дональд Трамп.

Комментарий жиберүү