ДССУ: Коронавирус тамак-аш аркылуу тарабайт

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Өзгөчө кырдаал боюнча программасынын жетекчиси Майк Райан коронавирустун тамак-аш аркылуу тарай турганын тастыктаган эч кандай далилдер жок экенин билдирди.

Бул тууралуу “Entekhab.ir” агенттиги кабарлады. Мындан бир нече күн мурун, Кытайдын Шэньчжэнь шаарында тоңдурулган жана таңгакталган азыктардан коронавирус табылганы маалымдалып, бул өлкөнүн жана дүйнө элдеринин үрөйүн учурган. Вирус шейшемби күнү Бразилиядан алынып келинген тоңдурулган тоокторду иликтегенде табылган.

Майк Райан кечээ, 13-августта виртуалдык басма сөз жыйынында коронавирус тамак-аш аркылуу тарабайт жана жайылбайт, адамдар буга кабатыр болбошу керек деп баса белгилеген. “Адамдар таңгакталган тамак-аштардан же даяр тамак-аштарды жасоодон коркпошу керек. Азык-түлүк чынжырынан вирус жугат дегенге эч кандай далилдер жок”, – деп билдирген ал. ДССУнун техникалык директору Мария Ван Керхов да азыркы тапка чейин тамак-аштардан коронавирус  табылгандыгы тууралуу маалыматтар түшпөгөнүн жана эгер мындай нерсе чын болсо дагы, бир да вирус ысыкка туруштук бере албарын жана бышырылгандан кийин жок болорун билдирип, адамдар таңгакталган тамак-аштардан кабатыр болбошу керек экенин айткан.

Комментарий жиберүү