Иран коронавируска каршы вакцинасын адамга сыноо фазасына кирди

ИИРдин Саламаттыкты сактоо министри: “Иранда коронавирус вакциналарын изилдөө боюнча үч-төрт учурдагы аракеттер ийгиликтүү болуп, эми клиникалык сыноого кирди.”

IRINN агенттигинин Mehr News маалыматына шилтеме берип кабарлоосуна  ылайык, доктор Саид Намаки журналисттер менен биргелешип жүргүзүлгөн суроо-жооп виртуалдык сессиясында: “Коронавирус өтө татаал вирус жана буга чейин адамзатта болуп көрбөгөн жана анын вакцинасы өзүнүн татаалдыгына ээ,”- деди.
Саламаттыкты сактоо министри мындай деп кошумчалады: “Биз дагы дүйнөдөн артта калбоо үчүн, илимге негизделген Бунян компаниясы, Пастер жана Рази Институтунда бир мезгилде эмдөө иштерин баштадык.”
Ал: “Бүгүн мен мындай көп тараптуу кызматташуунун үч-төрт учурунда вакциналар ийгиликке жетишти деп айта алам жана бул вакциналар жаныбарларга сыноо баскычынан өтүп, клиникалык сыноого киришти. Бирок бул вакцина глобалдык вакциналар менен бирге дүйнөлүк рынокко качан чыгаары белгисиз”,- деди.
“Албетте? ДСУ аркылуу тасnыкталган коронавирус вакцинасын сатып алуу боюнча зарыл чаралар көрүлдү жана вакцина сатып алууга Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму уюштурган Дүйнөлүк Ассамблеянын соода кезегине турдук”,- деди.
Ал мындай деп кошумчалады: “Коронавирустун натыйжалуу вакцинасы жана дары-дармектери пайда болгонго чейин, бардык адамдарды колун жууп, процедураларды аткарууга, гигиеналык эрежени жана социалдык аралыкты сактоого чакырам.”

Комментарий жиберүү