АКШнын Иранга каршы резолюциясына Кытай менен Орусия вето койду

АКШнын Иранга каршы резолюциясына Кытай менен Орусия вето койду

БУУнун Коопсуздук Кеңеши 14-августта АКШ колдогон Иранга каршы санкцияларды узартуу резолюциясына Кытай жана Орусиянын добушу менен вето койду. Бул тууралуу Вaharnews.ir (http://%D0%92aharnews.ir) сайты Рейтер агенттигине шилтеме берип маалымдады.Белгилей кетсек, БУУнун Коопсуздук Кеңеши АКШнын Иран Ислам Республикасынын курал-жарак эмбаргосун узартуу сунушун добушка коюп, Кытай жана Орусия каршылык билдирген соң, вето койгон.Эске салсак, буга чейин АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Коопсуздук Кеңешинде Иранга каршы кандайдыр бир резолюцияга вето коюлушу мүмкүн экендигин алдын ала билдирип, Орусия менен Кытайга Иранга каршы…

Прочитайте больше

Эмираттык-сионисттик келишимге каршы Палестина элинин көтөрүлүшү; БенЗаиддин, Трамптын жана Нетаньяхунун сүрөттөрү өрттөлдү

Эмираттык-сионисттик келишимге каршы Палестина элинин көтөрүлүшү; БенЗаиддин, Трамптын жана Нетаньяхунун сүрөттөрү өрттөлдү

Палестиналыктар БАЭ менен сионисттик режимдин ортосундагы келишимге каршы демонстрациялар учурунда Абу-Дабинин мураскор ханзаадасынын, АКШ президентинин жана сионисттик режимдин премьер-министринин сүрөттөрүн өрттөштү. Fars News агенттигинин эл аралык тобунун билдирүүсүнө караганда, АКШнын президенти Дональд Трамп “сионисттик режим менен БАЭнин мамилелерин толугу менен жөнгө салуу” боюнча келишимге жетишкенин жарыялаган.“Анадолу” маалымат агенттиги келишимге жооп катары палестиналыктар демонстрацияга чыгышып, Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мухаммад бин Заеддин,  Дональд Трамптын, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун сүрөттөрүн өрттөшкөнүн маалымдаган.Демонстрациялар учурунда алар бул кадамды айыптап, Палестина ишине…

Прочитайте больше

Багдад эл аралык аэропортуна ракета чабуул жасалды

Багдад эл аралык аэропортуна ракета чабуул жасалды

Ирактын коопсуздук боюнча ММКлар тобу Багдад эл аралык аэропортунун айланасына үч Катюша ракетасы атылганын билдирди.  “ISNA News” агенттигинин маалыматына ылайык, Ирактын коопсуздук тармагындагы маалымат каражаттарынын тобу бүгүн, ишемби күнү эртең менен Багдад эл аралык аэропортуна үч Катюша ракетасы түшкөнүн маалымдады.Маалыматка ылайык, ракеталар Багдаддын түштүгүндөгү Резвания аймагынан атылган, бирок кыйроолор жана жоготуулар катталган эмес.Билдирүүдө ракеталар Багдад эл аралык аэропортунун аймагына келип түшкөнү кабарланган.

Прочитайте больше

Иран Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Иран Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Иран Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Муну менен Иран Кыргызстанга экинчи ирет гуманитардык жардам берип жатат. Гуманитардык жардамды тапшыруу аземине Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы К.Шадыханов, Кыргызстандын Ирандагы элчиси А.Абдуразаков жана ИрандынКыргызстандагы элчиси Саид Харази катышкан. “Иран тарабынан өздөрүндөгү коронавирус менен күрөшүүдөгү кыйынчылыктарына карабай гуманитардык жардам көрсөтүп жатканы эки өлкө ортосунда өз ара колдоого негизделгенбоордоштук алака бар экенин айгинелейт”, – деп билдирет министрлик.

Прочитайте больше