АКШнын Иранга каршы резолюциясына Кытай менен Орусия вето койду

БУУнун Коопсуздук Кеңеши 14-августта АКШ колдогон Иранга каршы санкцияларды узартуу резолюциясына Кытай жана Орусиянын добушу менен вето койду.

Бул тууралуу Вaharnews.ir (http://%D0%92aharnews.ir) сайты Рейтер агенттигине шилтеме берип маалымдады.
Белгилей кетсек, БУУнун Коопсуздук Кеңеши АКШнын Иран Ислам Республикасынын курал-жарак эмбаргосун узартуу сунушун добушка коюп, Кытай жана Орусия каршылык билдирген соң, вето койгон.
Эске салсак, буга чейин АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Коопсуздук Кеңешинде Иранга каршы кандайдыр бир резолюцияга вето коюлушу мүмкүн экендигин алдын ала билдирип, Орусия менен Кытайга Иранга каршы курал эмбаргосун узартуу керек деген сунушун берген.
Ал эми ИИРдин тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф бул тууралуу мындай деген: эгер Коопсуздук Кеңеши Иранга курал сатууга эмбарго киргизсе, Өзөктүк келишимден эмне калат?  Мындай чечим Өзөктүк келишимдин эң маанилүү жоболорунун бири жоголуп кетти дегенди билдирет. Биз андайга жол берилбейт деп ишенебиз.”

Комментарий жиберүү