Эмираттык-сионисттик келишимге каршы Палестина элинин көтөрүлүшү; БенЗаиддин, Трамптын жана Нетаньяхунун сүрөттөрү өрттөлдү

Палестиналыктар БАЭ менен сионисттик режимдин ортосундагы келишимге каршы демонстрациялар учурунда Абу-Дабинин мураскор ханзаадасынын, АКШ президентинин жана сионисттик режимдин премьер-министринин сүрөттөрүн өрттөштү.

Fars News агенттигинин эл аралык тобунун билдирүүсүнө караганда, АКШнын президенти Дональд Трамп “сионисттик режим менен БАЭнин мамилелерин толугу менен жөнгө салуу” боюнча келишимге жетишкенин жарыялаган.
“Анадолу” маалымат агенттиги келишимге жооп катары палестиналыктар демонстрацияга чыгышып, Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мухаммад бин Заеддин,  Дональд Трамптын, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун сүрөттөрүн өрттөшкөнүн маалымдаган.
Демонстрациялар учурунда алар бул кадамды айыптап, Палестина ишине чыккынчылык деп ураан чакырышты.

Комментарий жиберүү