Дубай аэропортунда коронавирусту аныктоо үчүн иттер колдонула баштады

Дубайдагы аэропортторго жыт аркылуу коронавирус инфекциясын аныктаган атайын үйрөтүлгөн иттер жайгаштырылды.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады.  Атайын үйрөтүлгөн иттер туристтерди жыттап, вирусту аныкташат. Эгерде адамда коронавирус инфекциясы аныкталса, анда иттер алардын жанына  отуруп алат, андан соң ал  адам коронавируска тест тапшыруу үчүн ооруканага жөнөтүлөт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул иттер коронавирусту  92% туура аныктай алышат.

БАЭ дүйнө жүзүндө коронавирустун жайылышы бир аз басаңдагандан кийин июль айында туристтер үчүн каттамдарын калыбына келтирген. Туристтер БАЭге кирерден 96 саат мурун коронавируска тест тапшырышы керек.  
Буга чейин июль айында Австриянын күчтөрү коронавирусту жыт аркылуу аныктоо үчүн иттерге байкоо жүргүзүп жаткандыгы  кабарланган.

Комментарий жиберүү