Индиядагы сел 8 миллион адамдын жашоосун бузду

Индиянын Бихар штатында июль айында башталган сел 8,1 миллиондон ашуун адамдын жашоосун бузду жана 25 кишинин өмүрүн алып кетти.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Индиянын калк жыш отурукташкан үчүнчү штатында жүргөн селден кеминде 25 адам набыт болду. Өкмөттүк күчтөр суу астында калган аймактардан жарым миллиондон ашык адамды эвакуациялады.
“Global Times” гезитинин маалыматына караганда,  Индиянын өкүлдөрү, чыгыштагы Бихар штатында сел 25 адамдын өмүрүн алып, 8 131 841 адамдын жашоосун бузду деп билдиришкен.
Бихар штатынын Кризистик кырдаалды башкаруу бийлигинин айтымында, сел штаттын 16 районун, анын ичинде 1310 кыштакты каптап кеткен.
Индиянын жергиликтүү аткаминерлеринин айтымында, үйлөрдү жана дүкөндөрдү суу каптап, ал аймактарда жашаган адамдар кайык менен сүзүп өтүүгө мажбур болушууда.
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Индиянын жардам күчтөрү сел каптаган аймактардан жарым миллиондон ашык адамды эвакуациялап, лагерлер сыяктуу коопсуз аймактарга көчүрүшкөн.
Учурда Индиянын кризисти башкаруу боюнча 33 тобу сел каптаган аймактарга жөнөтүлүп, куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат.
Маалыматтарга караганда, Индиянын калк жыш отурукташкан үчүнчү штаты болгон Бихар шаарындагы жүрүп жаткан сел 13-июлда башталган жана дагы деле уланууда. Бихарда 125 миллиондон ашык калк жашайт.

Комментарий жиберүү