Кытайда коронавируска каршы биринчи вакцина катталды

Кытайлык  аткаминерлер өлкөдө коронавируска каршы биринчи вакцина катталгандыгын жарыялашты.

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады.
“Ad5-nCoV” деп аталган вакцина Кытайдын “CanSino Biologics” фармацевтикалык компаниясы тарабынан өлкөнүн жугуштуу оорулар боюнча адиси Чэн Вэйдин жетекчилиги астында иштелип чыккан.
Кытайдын Интеллектуалдык менчик уюмунун сайтында жарыяланган билдирүүгө караганда, Кытайда коронавирус илдети кайрадан жайылган учурда вакцинанын массалык өндүрүлүшү кыска убакыттын ичинде ишке ашырылат. “CanSino Biologics” фармацевтикалык компаниясынын дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүсүндө вакцинанын патент алышы анын натыйжалуулугун жана коопсуздугун тастыктай тургандыгы айтылды.
Шанхайдагы жугуштуу оорулар боюнча адис Тао Лина вакцинанын патент алышы маркетинг процессин жеңилдетип, эл аралык коомчулуктун Кытайда жасалган COVID-19 илдетине каршы вакциналарга болгон ишенимин жогорулатат деп ишенет. “CanSino Biologics” фармацевтикалык компаниясынын маалыматы боюнча, бул вакцинаны каттоо боюнча арыз 2020-жылдын 19-мартында, б.а. клиникалык сыноолордун биринчи баскычы башталган күндөн үч күн өткөндөн кийин берилип, акыр-аягы 11-августта жактырылган. Вакцинаны сыноонун биринчи баскычына 108 ыктыярчы, экинчисине – 508 адам катышкан, сыноо пандемиянын борбору болгон Ухань шаарында өткөнү белгилүү. Кытайлык окумуштуулар вакцинанын коопсуз экендигин жана аны алган адамдардын дээрлик бардыгында иммундук жооп болгонун баса белгилешкен.

Комментарий жиберүү