Түштүк Кореяда демонстранттар президенттин кызматтан кетишин талап кылышты

Түштүк Кореянын борборунда миңдеген адамдар нааразычылык акциясына чыгышып, Мун Чжэ Индин кызматтан кетишин талап кылышты.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Түштүк Кореяда коронавирустун жайылышынын кайрадан өсүшү боюнча эскертүүлөр жана адамдардын үйдө отурууларын суранып расмий өтүнүч жасалганына карабастан, ишемби күнү миңдеген демонстранттар өлкөнүн борбору Сеулдун көчөлөрүнө чыгышты.
Сеул шаарынын бийлиги өлкөнүн Экинчи Дүйнөлүк Согуштун аягында Япониянын колониялык бийлигинен бошотулушунун 75 жылдыгына карата консервативдүү жана христиан топтору уюштурган демонстрацияларга тыюу салууга аракет кылышты.
Бирок, демонстрацияларга каршы тыюу салууларга адамдар нааразчылык билдиргенден кийин, сот алардын айрымдарына жарандык эркиндиктердин негизинде уруксат берген.
Демонстраттардын көпчүлүгү жаан-чачындуу аба-ырайы учурунда кол чатырларды көтөрүп, беткап кийип алышып, Сеулдагы Президенттик сарайды айланып чыгышкан.
Нааразычылык акциясына чыккандар “саясаттагы ийгиликсиздиги, Түндүк Кореянын алдында тизе бүгүү жана шайлоодогу коррупциядан” улам Мун Чже Индин бийликтен кетүүсун талап кыларын билдиришкен.
Бул өлкөнүн айрым консерваторлору апрель айындагы парламенттик шайлоода мундун партиясы жалган жеңишке жетишкен деп эсептешет. Нааразычылык акциясынын жүрүшүндө демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуулар болгону кабарланууда. Бирок, жабыркагандар же катуу жабыркагандар тууралуу маалымат берилген жок.
Нааразычылык акциялары өкмөт коронавирустун кайрадан жанданышына байланыштуу борбор калаанын көп бөлүгүндө катуу социалдык чектөөлөр киргизилет деп жарыялагандан кийин башталган.

Комментарий жиберүү