Иерусалимдин Улуу муфтийи диний буйрук чыгаруу менен, БАЭнин жрандарынын Аль-Акса мечитинде намаз окууларына тыюу салды.
«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Иерусалимдин Улуу муфтийи Шейх Мухаммед Хусейн Бириккен Араб Эмираттарынын жарандары мындан ары Аль-Акса мечитинде намаз окуй албай тургандыгы жөнүндө диний чечим чыгарды.
Иерусалимдин муфтийи Мохаммед Хусейн БАЭнин Израиль менен мамилелерин толугу менен нормалдаштыруу боюнча макулдашуусуна токтолуп, Германиянын маалымат агенттигине мындай деп билдирди: “Бул келишимде мамилелерди нормалдаштыруу белгилери бар экендигин эске алганда, Иерусалимди зыярат кылуу алар үчүн (эмират эли) мыйзамсыз болуп саналат жана тыюу салынат”, – деди.
Өткөн бейшембиде (13-августта) Израиль менен БАЭ мамилелерин толук нормалдаштыруу жөнүндө макулдашышкан. Расмий билдирүүлөргө караганда, жакынкы жумаларда Тель-Авив жана Абу-Даби инвестиция, туризм, түз каттам, коопсуздук, телекоммуникация жана башка тармактар боюнча бир катар келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө.