ДСCУнун карама-каршы сунуштары

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ)  коронавирустан улам карантин киргизбөөгө чакырды.

CentralAsia (CA) – Дүйнөлүк Саламаттык Уюму өкмөттөрдү мындан ары  коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин киргизбөөгө чакырды. Мындай билдирүүнү уюмдун башкы эпидемиологу Мария Ван Керкхове жарыялады –деп маалымдайт корреспондент.
Белгилей кетсек, ДСУ коронавиурс эпидемиясы жаңы башталганда Кытай менен чегараны жапкан эмес жана бул чечимин “теңсиздиктин” алдын алуу деп билдирген.
Бирок айрым өлкөлөр баары бир Кытай менен чегараларын жапканы менен коронавирус дүйнө жүзүнө тарап кеткен соң, ДССУ чегараларды жабуу ишин туура деп жарыялаган.
Ошондой эле бир канча ай бою ДССУнун эксперттери илдетке чалдыкпаган адамдарга беткап кийүү туура эмес деп ынандырышып, кийин бардыгына беткап кийүү керектигин жарыялаган.
 Ошентип, ДССУ бүт өлкөгө пандемия убагында катуу карантин киргизүү керектигин сунуштаган. Эми болсо, COVID-19 вирусунун экинчи толкуну башталса да карантин киргизүүгө  муктаждык жок деп отурат.
Мындай учурда карантиндин экономикалык кесепеттери медициналык утуштан жогору болоорун баамдашкан ДССУ пандемия убагында социалдык аралыкты сактоо менен беткап тагынуу жетиштүү деп ынандырышууда.

Комментарий жиберүү