Сириядан Орусияга 26 бала кайтарылды

Орусия бийлиги Сирияда ИШИМ террордук уюмунун катарында согушуп жүргөн жарандарынын балдарынын 26сын мекенине кайтарды.

Бул тууралуу Орусиянын Балдар укугу боюнча комиссариатынан маалымдашканын “Fars News” агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, бул балдар Дамасктагы балдар үй борборунда кармалып турган, эми алар бир аз убакыт карантинде болушуп, андан кийин туугандарына өткөрүлүп берилет.

Орусиянын бийлиги ушул убакка чейин Сирия жана Ирактагы ИШИМ террордук уюмунун мүчөлөрүнүн 157 баласын, анын ичинен Ирактан 122 баланы жана Сириядан 35 баланы мекенине кайтарган.

Комментарий жиберүү