Улуу Британия Белоруссиядагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт

Британ бийлиги Белоруссиядагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты.

Бул тууралуу Улуу Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб өзүнүн Twitter баракчасында жарыялады.
Pars Today агенттигинин Gazeta.ru маалыматына шилтеме берип кабарлоосуна ылайык,  Британиянын башкармалыгы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) ортомчулугу менен Белоруссиядагы “шайлоодон кийин орун алган көптөгөн мыйзам бузууларды жана коркунучтуу репрессияларды” иликтөөгө чакырды.
 Эске салсак, 9-августта Белоруссияда президенттик шайлоо болуп өттү. Республикада шайлоо участоктору жабылгандан кийин, жыйынтыгын бурмалоого каршы нааразычылык акциялары башталган. Демонстранттарга каршы нааразычылык акциясында жаш агызуучу газ, гранаталар жана резина октор колдонулган.
 Кийинчерээк, өлкөнүн ири өнөр жай ишканаларында иш таштоо башталды, кызматкерлер жаңы шайлоону жана демонстрацияларга чыккандарга катаал мамиле жасоону токтотууну талап кылышты.
БШКнын маалыматы боюнча, Белоруссиянын учурдагы президенти Александр Лукашенко 80,1% добуш алган. Анын башкы атаандашы – Светлана Тихановская – 10,1%. Оппозициялык талапкерлердин баардык штабы шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын билдиришти.

Комментарий жиберүү