Казакстанда коронавирус курмандыктарынын саны 1415ке жетти

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус илдетин жуктурган адамдардын саны 103 миңден ашканын маалымдады.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө бир сутканын ичинде вирус жуктуруунун жаңы 267 учуру катталып, ооруган адамдардын жалпы саны 103 миң 300гө жетип, алардын ичинен 84 миң 445 бейтап сакайып, 1415и көз жумду.

Маалыматка караганда,  акыркы 24 саат ичинде пневмония менен ооруган 67 жаңы учур катталып, пневмония менен ооругандардын жалпы саны 18 миң 673кө жетип, 220 бейтап көз жумду.

Комментарий жиберүү