Кытайдын коронавируска каршы вакцинасынын баасы канча болору айтылды

Кытайда коронавируска каршы вакциналардын бирин өндүрүп жаткан  “Синофарм” фармацевтикалык компаниясынын клиникалык сыноолордун акыркы баскычында турган  вакцинасынын баасы 150 доллардын тегерегинде болору айтылды.

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады.  Кытайдын бул  фармацевтикалык компаниясынын президенти Лю Цзинчжэнь шаршемби күнү Пекинде өткөргөн басма сөз жыйынында вакцина рынокко 2020-жылдын аягында чыгарыларын жана анын эки инъекциясынын баасы 150 доллар болорун билдирди.

Анын айтымында, вакцинациялоо Кытайдын бүтүндөй 1,4 миллиард калкы үчүн керек эмес, ал студенттер жана жумушчулар көп болгон калк жыш жайгашкан шаарларда керек. Ал эми калк аз жайгашкан аймактарда вакцинация талап кылынбайт. “Эгерде вакцина массалык түрдө чыгарылып, рынокко кеңири тарала турган болсо, анда бир катар медицина кызматкерлери, ошондой эле студенттер вакцинаны бекер ала алышат, бирок башкалар үчүн ал акылуу болот”, – деди Лю Цзинчжэнь.

Кытайдын Weibo тармагында 5000 адамдын катышуусунда жүргүзүлгөн  сурамжылоонун жыйынтыгы  көрсөткөндөй, катышуучулардын  жарымы вакцинаны сатып ала албай тургандыгын, ал эми калган жарымы вакцинанын баасы төмөн экендигин жана аны алгылары келерин айтышкан. Цзинчжэндин божомолунда, компания бир жылда вакцинанын болжол менен 120 миллион дозасын Пекинде жана дагы 100 миллион дозасын Ухань шаарында өндүрө алат.

Комментарий жиберүү