Токиодогу катуу ысыктан көп сандаган адам каза болду

Токиодогу катуу ысыктан көп сандаган адам каза болду

Каза болгондордун саны 79 адамга жетти. Япониянын борбор шаары Токиодо катуу ысыктын кесепетинен каза болгондордун саны 79 адамга жетти. Улуттук маалымат каражаттары билдиргендей, Токиодогу Социалдык камсыздоо жана коомдук саламаттыкты сактоо бюросу катуу ысыктан каза болгондорго байланыштуу маалыматтарды жаңыртты. Буга караганда, баш калаанын метрополиясында август айынын башынан бери катуу ысыктан 79 адам көз жумду. Алардын 70тен ашыгы 65 жаштан жогоркулар болгон. Япониянын борборунда абанын температурасы июлдун аягынан бери 32ден 37 градуска чейин көтөрүлдү.

Прочитайте больше

Америкалык сенаторлор Трампка Арабстандын ракеталык жана өзөктүк программасы боюнча эскертүү беришти

Америкалык сенаторлор Трампка Арабстандын ракеталык жана өзөктүк программасы боюнча эскертүү беришти

Америкалык сенаторлордун тобу Трампка кат жолдошуп, Сауд Аравиянын көмүскө ракеталык өзөктүк иш-аракеттери боюнча эскертишти. Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, америкалык Wall Street Journal басылмасы Америка Сенатынын эки партиясынын өкүлдөрү президентке кат түрүндө Сауд Аравиянын өзөктүк программаларына карата тынчсызданууларын билдиришкен. Белгилей кетсек, бул катта Сенаттын Республикачыл жана Демократтар партиясынын өкүлдөрү мындай деп жазышкан: Сауд Аравия өзөктүк толук программаларын иштетип жатышат.  Эгер алардын бул иш-аракеттери көзөмөлгө алынбаса, Жакынкы Чыгыштагы өзөктүк куралдарга каршы эл аралык олуттуу иштерине тоскоолдук жаратат….

Прочитайте больше

Махатхир Мухаммад: БАЭ менен Тель-Авивдин келишими Ислам дүйнөсүн касташкан топторго бөлөт

Махатхир Мухаммад: БАЭ менен Тель-Авивдин келишими Ислам дүйнөсүн касташкан топторго бөлөт

Малайзиянын экс премьер-министри өз сөзүндө БАЭнин сионисттик режим менен түзүлгөн келишимдерин ислам дүйнөсүн кастык топторуна бөлгөн артка кадам деп атады. Fars News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, Малайзиянын мурдагы премьер-министри Махатхир Мухаммад БАЭнин сионисттик режим менен түзүлгөн келишими ислам дүйнөсүн касташкан топторго бөлүп, Тель-Авивге чыр-чатакты күчөтүүгө мүмкүндүк бергенин айтты.Белгилей кетсек, Махатхир Мухаммад “Азия” басылмасына берген маегинде бул тууралуу мындай деди: “Бул келишим душман топтордун касташууга болгон күчтөрүн арттырып, ислам өлкөлөрүнө дагы тынчтык алып келбейт”.“Бул келишим:…

Прочитайте больше

Штаб: Сасык тумоого каршы эмдөө сентябрдын аягында башталат

Штаб: Сасык тумоого каршы эмдөө сентябрдын аягында башталат

Алдыдагы курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун эпидемиялык мезгилине карата гриппке каршы вакциналар сатылып алынууда. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. Маалыматка ылайык, COVID-19 менен катар башка вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун жайылышын алдын алуу максатында, КР Саламаттык сактоо министрлиги тобокелдик тобун аныктап, гриппке жана пневмококкко каршы вакциналарга болгон муктаждыкты эсептеп чыкты. Сасык тумоонун көбөйүшү, эрежеге ылайык, суук мезгилде башталат жана март айына чейин созулат. Буга грипп вирусунун төмөнкү температураларга туруштуктуулугу жана гипотермия…

Прочитайте больше

Тунис президенти: Палестина элинин укуктары соодалашууга жатпайт

Тунис президенти: Палестина элинин укуктары соодалашууга жатпайт

Тунистин президенти өлкөлөрдү палестиналыктардын укуктарын колдоого чакырып, ал боюнча  соодалашуу туура эместигин билдирди. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, президент Кэйс Сагыйд Тунистеги Палестинанын элчиси Хаэль аль-Фахум менен жолугушту деп кабарлады РТ каналы.“Бул укук (палестиналыктардын укугу) базарда соодалаша тургандай товар эмес жана палестиналыктардын укуктарын коргоочу эркин адамдар боло беришсе, Палестина эч убакта жоголбойт”, – деди Тунистин президенти.  Кэйс Сагыйд БАЭнин сионисттик режим менен түзгөн келишими тууралуу мындай деди: Биз албетте, өлкөлөрдүн чечимдерин сыйлайбыз, бирок акыркы окуя боюнча…

Прочитайте больше