Америкалык сенаторлор Трампка Арабстандын ракеталык жана өзөктүк программасы боюнча эскертүү беришти

Америкалык сенаторлордун тобу Трампка кат жолдошуп, Сауд Аравиянын көмүскө ракеталык өзөктүк иш-аракеттери боюнча эскертишти.

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, америкалык Wall Street Journal басылмасы Америка Сенатынын эки партиясынын өкүлдөрү президентке кат түрүндө Сауд Аравиянын өзөктүк программаларына карата тынчсызданууларын билдиришкен.

Белгилей кетсек, бул катта Сенаттын Республикачыл жана Демократтар партиясынын өкүлдөрү мындай деп жазышкан: Сауд Аравия өзөктүк толук программаларын иштетип жатышат.  Эгер алардын бул иш-аракеттери көзөмөлгө алынбаса, Жакынкы Чыгыштагы өзөктүк куралдарга каршы эл аралык олуттуу иштерине тоскоолдук жаратат.

Ошондой эле бул катта мындай деп улантылган: “Берилген маалыматтарга караштуу Сауд Аравия өзүнүн өзөктүк инфраструктураларын кеңейтүү менен бирге Кытай менен ракеталык чөйрөдө ири кадамдарын арыштаган. Ал ракеталарды өркүндөтүү үчүн жабдууларды жана пропелланттарды сынап көрүшкөн соң, аларды чыгарышууда. Бул иш-аракеттер АКШнын Жакынкы Чыгышта баллистикалык ракеталардын жайылышына жол бербөө аракеттерине доо кетирип, Сауд Аравиянын өзөктүк куралды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.”

Эске салсак, The Wall Street Journal жакында Батыш аткаминерлердин маалыматтарына шилтеме берип, Сауд Аравиясы кытайлардын жардамы менен “сары уран тортун” чыгаруучу завод курушканын жана бул Сауд Аравиянын ядролук технологияны сатып алууда маанилүү кадам болгонун жарыялаган.
Бул отчет жарыялангандан кийин, Сауд Аравиясынын Энергетика министрлиги мындай объектилер курулганын жокко чыгарган.

Комментарий жиберүү