Махатхир Мухаммад: БАЭ менен Тель-Авивдин келишими Ислам дүйнөсүн касташкан топторго бөлөт

Малайзиянын экс премьер-министри өз сөзүндө БАЭнин сионисттик режим менен түзүлгөн келишимдерин ислам дүйнөсүн кастык топторуна бөлгөн артка кадам деп атады.

Fars News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, Малайзиянын мурдагы премьер-министри Махатхир Мухаммад БАЭнин сионисттик режим менен түзүлгөн келишими ислам дүйнөсүн касташкан топторго бөлүп, Тель-Авивге чыр-чатакты күчөтүүгө мүмкүндүк бергенин айтты.
Белгилей кетсек, Махатхир Мухаммад “Азия” басылмасына берген маегинде бул тууралуу мындай деди: “Бул келишим душман топтордун касташууга болгон күчтөрүн арттырып, ислам өлкөлөрүнө дагы тынчтык алып келбейт”.
“Бул келишим: “Палестина Израилге таандык” деп эсептеген Израилдин позициясын бекемдейт”, – деп эскертти Малайзиянын экс премьер-министри.
“Палестиналыктар менен палестиналыктардын иш-аракетин колдогондор бул келишимге реакция кылышы табигый нерсе, анткени бул Жакынкы Чыгыштагы согушту узартууну билдирет”, – деп кошумчалады Мухаммад.
Эске салсак, өткөн аптада Вашингтон, Абу-Даби жана Тель-Авив АКШнын президенти Дональд Трамп аркылуу Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мухаммад бин Заед жана Нетаньяху мындан ары чогуу иштөөгө макулдашканын жарыялашкан.

Комментарий жиберүү